9-майда Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Бишкек шаарында аскердик жүрүш өтөт. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев салтанаттуу жүрүштү өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.
Анда майрамдык иш-чараларды, республика боюнча өтө турган маданий-массалык жана театрлаштырылган көрсөтүүлөргө даярдыктар талкууланды.
Өкмөттүн маалыматы боюнча бүгүнкү күндө Улуу Ата-Мекендик согуштун 262 ардагери бар. Мухаммедкалый Абылгазиев согуштун ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилерин колдоонун кошумча чараларын иштеп чыгуунун зарылдыгын белгилеген.
сүрөт: Sputnik / Табылды Кадырбеков