Улуттук банк “Улуу Жеңишке — 80 жыл” күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарды.
Анын бетине согушта курман болгондордун урматына гүлдесте түшүрүлгөн.
Монетаны тегерете “Улуу Жеңишке — 80 жыл / 80 лет Великой Победе” деген жазуу бар.
Ал эми арткы бетинде Кырызстандын герби, тынчтыктын жана эркиндиктин символу болгон көгүчкөндөрдүн элеси “2025” жана “1945”сандары менен берилген.
Номиналы — 10 сом, салмагы — 28 грамм.
Монетаны башкы банктын кассаларынан 5200 сомго сатып алса болот.