Садыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелетБишкекте соцмекемелердин дээрлик бардыгы, ал эми турак үйлөрдүн 77–80%ы жылуулукка кошулду
Май майрамдарына карата “Унаа” мекемесинин иштөө графиги өзгөрдү
28.04.2025 | 17:13
1-9-май күндөрү Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча агенттиктин бардык аймактардагы бөлүмдөрү жарандарды кабыл албайт. Бул тууралуу аталган мекеме кабарлады.
Ал эми 10-11-майда (ишемби жана жекшемби күндөрү) төмөнкү бөлүмдөрдө жарандарды кабыл алуу жанданат:
- Бишкек шаардык бөлүмү (Бишкек шаары, Ч. Валиханов көчөсү, 2, ТД «Аю Гранд Комфорт»). Иштөө убактысы: 08:30дан 17:30га чейин;
- Чыгыш бөлүмү (Бишкек шаары, Ч. Валиханов көчөсү, 2, 3-корпус). Иштөө убактысы: 08:30дан 17:30га чейин;
- «Биримдик 24» (Бишкек шаары, «Биримдик-Кут» жаңы конушу, 11-көчө, 180/1 үй). Күнү-түнү (24/7) иштейт;
- Аймактар аралык бөлүм (Чүй облусу, Военно-Антоновка айылы, «Риом-Авто» автобазары). Иштөө убактысы: 08:30дан 01:00ге чейин;
- Ош аймактык бөлүмү (Ош шаары, Навои көчөсү, номерсиз). Күнү-түнү (24/7) иштейт;
- Ош-2 (Ош шаары, Кокум-Бий көчөсү, 168). Иштөө убактысы: 08:30дан 17:30га чейин;
- Жалал-Абад аймактык бөлүмү (Жалал-Абад шаары, Шопоков көчөсү, 32). Иштөө убактысы: 08:30дан 17:30га чейин.
12-май дүйшөмбүдөн тарта Агенттиктин бардык бөлүмдөрү кадимки штаттык режимде ишин улантат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом