Унаа сатып алайын деген адамдарды сызга отургузуп кеткен шектүү кармалды

Унаа сатып алайын деген адамдарды сызга отургузуп кеткен шектүү кармалды

Каракол шаардык милициясынын кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармады. Бул тууралу Ысык-Көл облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, быйыл 10-июнда Караколдун милициясына шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, 9-июнда «Лалафо» тиркемесинен Volkswagen Passat унаасы сатылып жатканын көрүп калган. Жарыяда көрсөтүлгөн номерге чалганда, унаанын ээси «алдын ала 100 миң сом которсо, машинаны 120 миң сомго бере турганын» айткан. Ал акчаны которгондон кийин, унааны сатам деген адам телефонун өчүрүп жоголуп кеткен.

2-сентябрда милицияга ушундай эле арыз менен Ак-Суу районунун тургуну кайрылган. Ал 28-августта WhatsApp аркылуу Volkswagen Vento унаасынын ээси менен сүйлөшүп, аны 130 миң сомго сатып алууну мкулдашкан. Ал 27 миң сомду которгондон кийин унаа сатам деген киши байланышка чыкпай, жоголуп кеткен.

Аталган арыздар боюнча «алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 25 жаштагы Токмок шаарынын тургуну Б.А. кармалган.

Милиция билдиргендей, кармалган жаран (Б.А.) Караколдун бир нече тургунун алдап кеткени аныкталган. Шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 102 же 0703 332 166 номерине кабар берсе болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>