Уруша кете жаздаган эки депутат кайра жарашты — видео

Уруша кете жаздаган эки депутат кайра жарашты — видео

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Тазабек Икрамов менен Экмат Байбакпаевдин ортосунда пикир келишпестик болуп кетти.

Эки депутаттын уруша кете жаздашы Бишкек шаарын каптаган кара түтүн боюнча токтом долбоорун  күн тартибине киргизүү маселесинен улам келип чыккан.

Көп өтпөй Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибрагим Нуракун уулу депутаттардын ортосунда жөн гана талаш-талкуу болгонун жазып, бул  парламенттин ишине мүнөздүү көрүнүш экенин белгилеп өттү.

“Эл өкүлдөрү мушташып кете жаздады же жакалашты деген маалыматтар жаңылыш. Тазабек мырза өзүнөн улуу адам менен андай чатакка барбайт болчу деп эсептейбиз”, — деген ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>