Ушул жылдын 1-кварталында өлкөгө 1,3 млрддан ашуун чет элдик инвестиция келген

29.07.2025 | 10:12

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга келген чет элдик инвестициялардын көлөмү 1 млрд 376,2 млн долларды түзгөн. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,2%га аз.

Ал эми түз чет элдик инвестициялардын көлөмү 44%га өсүп, 288,3 миллион долларга жеткен. Анын жалпы инвестициялардагы үлүшү 12,3%дан 20,9%га жогорулаган.

Аймактар боюнча Бишкек, Ош шаарларында жана Баткен облусунда инвестициялар азайса, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарында өсүү байкалган.

Түз чет элдик инвестициялар негизинен төмөнкү тармактарга багытталган:

▪️ кайра иштетүүчү өнөр жай — 88,1 млн доллар
▪️ каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу — 83,9 млн доллар
▪️ кен байлыктарды казып алуу — 39,5 млн доллар
▪️ маалыматтык технологиялар — 26,7 млн доллар

Scroll to Top