УТРК «мекемеде акча кымырылды» деген маалымат боюнча үн катты

УТРК «мекемеде акча кымырылды» деген маалымат боюнча үн катты

УТРК алардын кызматкерлерине «миллиондогон акча кымырып алган деген шек менен кылмыш иши козголду» деген маалымат боюнча үн катты.

Эскерте кетсек, буга чейин жергиликтүү басылмалардын бири укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып, УТРК Париждеги Олимпиада оюндарын жана футбол боюнча Евро-2024 мелдешин көрсөтүүдө жарнамадан тапкан 200 млн сом акча, чет мамлекеттерден келген гранттарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун жазган. Аталган мелдештердин кийин медиа мекеменин айрым жетекчи адамдары ар кандай мүлк, анын ичинде унаа алганы айтылган.

Ошондой эле УТРКга караштуу «Кыргызтелефильм» студиясындагы 25 млн сомдун кымырылганы боюнча кылмыш иши козголуп, бир адам кармалганы, бирок кайра тилкат менен кое берилгени тууралуу сөз болгон.

УТРКнын маалыматы боюнча, алар Париждеги Олимпиаданы чагылдыруу үчүн лиценцияны 100 миң долларга сатып алган. Бирок башында 1,5 млн доллар суралган.

Алар лицензияга кеткен 100 миң долларды жарнамадан жана мелдешти чагылдыруу укугун башка кабалдик телеканалдарга сатуу аркылуу актап, кошумча киреше тапкан.

Ал эми  Евро-2024 мелдешин көрсөтүү үчүн «мамлекеттик казынадан бир тыйын да корогон эмес». Чыгымды өнөктөш компания мойнуна алып, УТРК мелдешти көрсөтүүдөн да киреше да тапкан.

«Ири мелдештер аяктагандан кийин айрым жооптуу жетекчилер ар кандай мүлктөрдү, анын ичинде автоунааларды сатып алган» деген маалымат чындыкка дал келбейт», — деп айтылат маалыматта.

УТРК «Кыргызтелефильм» боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын, бирок бөлүнгөн каражатка бир тарыхий көркөм тасма тартылганын жана экинчи тасмага даярдык иштери жүрүп жатканын билдирди.

«Азырынча жыйынтыктоочу отчет бериле элек», — деп билдирет УТРК.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УТРК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>