Үй иштериндеги аялдардын жүгү эркектердикинен беш эсе оор
Улуттук статистика комитети жүргүзгөн изилдөөнүн маалыматына ылайык, аялдар үй эмгегине күнүнө орточо эсеп менен 4 саат 40 мүнөт (суткалык убакыттын 19,4%) коротушат, ал эми эркектер тиричилик милдеттерине бир сааттан аз убакыт (3,8%) бөлүшөт.
Үй эмгегинин түзүмү да олуттуу айырмаланат: эркектер көбүнчө турак жайды жана техниканы оңдоо же азык-түлүк сатып алуу менен алектенишет. Аялдардын ишине тамак-аш даярдоо (тиричиликке кеткен убакыттын 30%га жакыны), үй жыйноо, идиш-аяк жана кир жуу кирет.
Айыл жеринде аялдардын жүгү кыйла жогору: айылдык аялдар үй иштерине күнүнө 6,5 саатка чейин убакыт коротушат, бул шаардык аялдардын көрсөткүчүнөн 1,2 эсеге көп. Ошондой эле, турмушка чыккан аялдар турмушка чыга электерге караганда тиричиликке эки эсе көп убакыт бөлөрү аныкталган.