Токтогулда баңги зат сатуучулар кармалды

Токтогулда баңги зат сатуучулар кармалды

Токтогул районунда баңги затын сатуучулар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну кармалган.

Баңги заттарды сатуу фактысы аныкталды, милиция кызматкерлери өзгөчө жыты бар заттарды алышкан. Экспертиза буларды — 54,21 грамм салмактагы кара куурай чайыры (гашиш) экендигин тастыктады.

Андан аркы иликтөөнүн жүрүшүндө, баңгизаттардын кезектеги партиясын сатуу учурунда, ИИМдин аймактар ​​аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 1971-жылы туулган тургуну М.Н., кармалган.

Баңгизаттарды саткандарды кармоо операциясы Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын OСО (атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн) жоокерлеринин кубаттуу колдоосу менен жүргүзүлгөн.

Текшерүү учурунда, ширеңке түрүндөгү 20 тик бурчтуу брикет бар пакет табылып, алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар — салмагы 226,11 грамм болгон кара куурай чайыры (гашиш) түзгөн. Жалпысынан шектүүдөн 280 граммдан ашык гашиш алынып, учурда тергөө иштери уланып жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>