АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Кыргыз футболу: Бүгүн Бишкекте “Алга” менен “Барс” клубдарынын беттеши өтөт
13.06.2025 | 16:19
Бүгүн, 13-июнда Кыргызстандын премьер-лигасынын кезектеги турунун алкагында “Алга” менен “Барс” футбол клубдарынын ортосунда беттеш болуп өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.
Беттеш Бишкек шаарындагы жаңы “Алга” спорт комплексинде саат 20:30да башталат.
Бул беттеш менен биргеликте «Алга» спорт комплексинин расмий ачылышы өткөрүлөт. Жаңы комплекс клубдун туруктуу базасы болот.
“Заманбап комплекс беттештерди өткөрүү үчүн гана эмес, клубдун келечектеги өнүгүүсү, жаш оюнчуларды даярдоо жана спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн машыгуу жана инфратүзүмдук аянтча катары да колдонулат”,- деп билдирди мэрия.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт