24-апрелде орун алуучу «UFC 261» турниринде Валентина Шевченко чемпиондук курун бешинчи ирет коргойт. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.
Кыргызстандык мушкер кыз бразилиялык Жессика Андраде менен беттешет. Турнир кайсы жерде өтөрү расмий жарыялана элек. Буга чейин, Валентина Шевченко чемпиондук наамын төрт ирет коргогон.
Шевченко соңку ирет 2020-жылдын 22-ноябрында АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн «UFC 255» турниринде бразилиялык Женнифер Майяны уткан. Ал эми Жессика Андраде өткөн жылдын октябрында Кэтлин Чукагянды техникалык нокаут менен жеңген.