РИИБ башчысынын орун басарынын жубайы зомбулукка кабылганын айтты. Акыйкатчы анын кызматта калышына суроо койдуБишкекте Шакиранын концертине шаардагы 6 жерден акысыз автобустар каттайтИшкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторий ветеринардык көзөмөлгө жайылтылбайтЧикагодо Кыргызстандан барган жаранга сексуалдык зомбулук боюнча айып тагылдыКыргызстанда ресторандар менен мейманканалардын жүгүртүүсү бир жылда дээрлик 25%га өстүУКМК төрагасынын биринчи орун басары Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Досмамбетов кармалды
Кыргызстандык балбандар Монголияда өткөн “Ulaan-Baatar Open” эл аралык мелдешинде 12 медаль жеңишти
02.06.2025 | 17:04
Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү “Ulaan-Baatar Open” эл аралык мелдешинде жалпы жонунан 12 медаль: 4 алтын, 2 күмүш, 6 коло утуп алышты.
Аталган мелдеш 29-май – 1-июнь күндөрү Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өттү.
Алтын медалдын ээлери:
- Раззак Бейшекеев – 67 кг (грек-рим күрөшү)
- Асан Жанышов – 87 кг (грек-рим күрөшү)
- Үзүр Жузупбеков – 97 кг (грек-рим күрөшү)
- Тайырбек Жумашбек уулу – 65 кг (эркин күрөш)
Күмүш медалдын ээлери:
- Улан Муратбек уулу – 55 кг (грек-рим күрөшү)
- Ырыскелди Максатбек уулу – 77 кг (грек-рим күрөшү)
Коло медалдын ээлери:
- Акыл Сулайманов – 60 кг (грек-рим күрөшү)
- Ырыскелди Хамзаев – 72 кг (грек-рим күрөшү)
- Икромжон Хаджимурадов – 65 кг (эркин күрөш)
- Орозбек Токтомамбетов – 74 кг (эркин күрөш)
- Эрлан Манатбеков – 130 кг (грек-рим күрөшү)
- Бекболот Мырзаназар уулу – 61 кг (эркин күрөш)
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук команда башкы машыктыруучу Уран Жузуп уулу жана улук машыктыруучу Азат Бейшеекевдин жетекчилиги астында мелдешке катышты.
Эркин күрөш боюнча улуттук курама башкы машыктыруучу Азат Мирахимов, улук машыктыруучулар Эламан Догдурбек жана (U-23) категориясы боюнча Илгиз Жакыпбековдун жетекчилиги менен мелдешке катышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт