Вашингтондо Кыргызстанга 389 млн доллар инвестиция тарткан келишимдерге кол коюлду

Вашингтондо Кыргызстанга 389 млн доллар инвестиция тарткан келишимдерге кол коюлду

АКШнын борбору Вашингтондо Кыргызстан менен  Дүйнөлүк банктын  жана Эл аралык валюта фондунун ортосунда Кыргызстандын экономикасынын негизги тармактарына инвестиция тартууга багытталган келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.

Тартылган инвестициялардын жалпы көлөмү (өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу механизмин кошпогондо) 389,31 миллион АКШ долларын түзөт. Бул каражаттарга аймактарды өнүктүрүүгө, саламаттыкты сактоону модернизациялоого, таза сууга жетүүгө, кичи жана орто бизнести колдоого, билим берүү системасын жакшыртууга жана энергетикалык инфраструктураны жаңылоого багытталган долбоорлор ишке ашырылары айтылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>