Венесуэла өзгөчө абал киргизип, АКШны аскердик агрессияга айыптады

03.01.2026 | 15:24

Венесуэланын президенти Николас Мадуро борбор калаа Каракастагы бир катар жарылуулардан кийин өлкөгө өзгөчө абал режимин киргизди. Мамлекет башчысы болгон окуяны АКШ тараптан жасалган аскердик агрессия актысы катары расмий баалады.

Күбөлөрдүн маалыматына караганда, Каракастын асманында аскердик авиациянын учуп жүргөнү байкалган. Шаарда дүрбөлөң өкүм сүрүп, тургундар соккуга кабылган райондорду жапырт таштап кетип жатышат. Көчөлөргө бронетехника чыгарылып, президент Мадуро тез арада мобилизациялоо жана комплекстүү коргонуу күчтөрүн жайгаштыруу жөнүндө буйрук берди.

Кырдаалдын курчушу АКШ президенти Дональд Трамптын бир катар кескин билдирүүлөрүнөн кийин орун алды. Буга чейин америкалык лидер Венесуэланын бийлигин террордук уюм деп жарыялап, баңгизат трафиги менен күрөшүү үчүн сокку уруу мүмкүндүгү тууралуу эскерткен. Мындан тышкары, Трамп Вашингтон АКШдан «уурдалган» деп эсептеген активдерди кайтаруу талабын койгон.

Колумбиянын президенти коңшу республикага аскердик кол салуу болгонун тастыктады. Трамптын администрациясы «жарылуулар тууралуу билдирүүлөрдөн кабары бар» экенин билдирди, бирок АКШ армиясынын өкүлдөрү окуяга америкалык күчтөрдүн катыштыгы бар экенин комментарийлөөдөн баш тартышты.

Венесуэланын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасап, анда кол салуунун максаты — өлкөнүн мунай жана минералдык ресурстарына көзөмөл орнотуу экенин айтты. Ведомство баса белгилегендей, мамлекет өз эгемендүүлүгүн бардык жеткиликтүү каражаттар менен коргоого ниеттенүүдө. Каракастагы кырдаал курч бойдон калып, мобилизация уланууда.

Scroll to Top