Венгрия-кыргыз өнүктүрүү фондунун капиталы 45 млн долларга көбөйтүлөт

19.12.2025 | 17:37

Венгрия-кыргыз өнүктүрүү фондунун капиталы 45 млн долларга чейин көбөйтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын өкмөт башчысынын орун басары Данияр Амангелдиев менен Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртонун жолугушуусунда айтылды.

Жолугушуу Венгрияда өтүп, анда тараптар кыргыз-венгер кызматташтыгындагы буга чейинки жасалган иштер жана келечектеги пландар тууралуу сүйлөшүштү.

Эки тарап тең 2025-жылы өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттенүү абдан жемиштүү болгонун белгилешти. Анын ичинде өзгөчө Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын президент Садыр Жапаров жана өкмөт башчы Адылбек Касымалиев менен жолугушуулары, күзүндө өткөн кыргыз-венгер Стратегиялык кеңешинин жыйыны, экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны белгиленди.

Ошондой эле тараптар Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тууралуу пикир алмашышты. Алардын айтымында, фонд ар кандай тармактардагы эки өлкө ортосундагы долбоорлорду ишке ашыруунун негизги куралы бойдон калууда.

Министр Петер Сийярто өз кезегинде аталган фондду 45 млн долларга чейин капиталдаштыруу жолу менен Кыргызстанда иштеген венгриялык компанияларды мындан ары да колдоого даяр экендигин билдирди.

Тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыкты талкуулашты. Венгриянын жогорку окуу жайларына жыл сайын “Stipendium Hungaricum” программасы аркылуу 200гө чейин кыргызстандык студенттердин кабыл алынышы – бул кызматташтыктын негизги бөлүгү болуп саналат.

Мындан тышкары Орусия-Украина жаңжалы, санкциялык маселелер боюнча пикир алмашуу болду. Анда тараптар эки өлкө тең бул жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу зарыл деп эсептешерин билдирип, Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер менен санкциялык маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендиктерин ырасташты.

Scroll to Top