«ВИЧ, сарык жуктуруп алуу коркунучу болгон». УКМК дагы бир мыйзам бузууну аныктады

«ВИЧ, сарык жуктуруп алуу коркунучу болгон». УКМК дагы бир мыйзам бузууну аныктады

Эпидемиологиялык коркунучтуу медициналык калдыктарды дезинфекциялоо жана жок кылуу менен алектенген компаниялардын мыйзамсыз иштери аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал компаниялар экологиялык жана санитардык-эпидемиолгиялык мыйзамдарды бузган. Алардын айрымдарынын тиешелүү уруксат кагаздары болгон эмес.

Маселен, жеке компаниялар өтө кооптуу болгон медициналык калдыктарды жөнөкөй таштанды катары Бишкектин санитардык полигонуна ыргытып жүргөн. Андан тышкары аталган медициналык калдыктарды сактоодо жана ташууда белгиленген эрежелер бузулуп, алар эл жашаган турак үйлөрдүн арасында жайгашкан жайларда жыйылып келген. Анын айынан адамдар коркунучтуу оооурларды (ВИЧ инфекция, сарык ж.б.) жуктуруп алышы мүмкүн болгон.

Ошондой эле таштандыны кайра иштетүүчү компаниялар (мамлекеттик жана жеке) айлана-чөйрөгө булгаганы үчүн тиешелүү төлөмдөрдү төлөбөй жүргөн. Анын айынан мамлекеттик бюджетке 37 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

УКМК мыйзам бузган компаниялардын аттарын атаган жок.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>