Видео: Акжол Махмудовдун «Акула» формасынын кандай өзгөчөлүгү бар?

Видео: Акжол Махмудовдун «Акула» формасынын кандай өзгөчөлүгү бар?

BIGSER SPORT компаниясынын негиздөөчүсү Сергей Быковский Кыргызстандын белгилүү грек-рим балбаны Акжол Махмудовго «Акула» формасын кантип тигип калгандарын жана анын кандай өзгөчөлүгү бар экенин айтып берди.

Быковскийдин айтымында, ал Акжол Махмудовдун машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов менен мурдатан тааныш. 2017-жылы Ахметов ага келип, Махмудов үчүн форма тигип берүүнү суранган.

«Акжол Махмудовдун «Акула» деген каймана аты бар болчу. Мен анын агайы менен тааныш элем. 2017-жылы бир күнү келип эле, «Биз жаш уландар арасындагы дүйнө чемпионатына бара жатабыз. Акжол сиздер тиккен форманы кийип, пъедесталга тургусу келип жатат» деп калды», — дейт ал.

Сергей Быковский Махмудов айтканындай эле, дүйнө чемпионатында мыкты жыйынтык көрсөтүп, пъедесталга чыкканын белгиледи. Ошондон кийин ал «Акула» деген форманын үстүндө ишти улантууну чечкен.

«Биз жөн гана «Акула» деген образды жараткан жокпуз. Ага кездемелерди тандап, Италияныкын колдондук. Башка дүйнөлүк таанымал компаниялардыкына караганда, биздин трико 120 граммга жеңил. 120 грамм деген эмне? Мисалы спортчу бир мелдеште отуруп-туруп, секирип, 1000 кыймыл-аракет жасайт. 1000ди 120 граммга көбөйткөндө, ал 100 килограммдан ашык салмак болот. Акжол дүйнө биринчиликтеринин эки финалында, элге таанылып калган «Акула» деген форманы кийип чыкты, дүйнөнүн эки жолку чемпиону болду. Азыр бул коллекцияны дүйнөнүн булуң-бурчунда билип калышты, сатып алып жатышат», — дейт ал.

Быковский Акжол Махмудовдун Париждеги Олимпиадада алтын алсын деп дуба кыларын айтты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>