Жогорку Кеңеш жана БУУ Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу үчүн өнөктөштүктү чыңдашатЖКда Бишкек мэриясын УАМС баатырлары тууралуу маалыматтык стенддерди иретке келтирүүгө чакырышты«Түндүк» Президенттин иш башкармалыгына өттүТашкентте жасалма жол менен жамгыр жаадырылат — президент жарлыкка кол койдуМурдагы депутат Шайырбек Ташиев «Кыргызнефтегаздагы» коррупция иши боюнча кармалдыБишкек шаардык кеңеши борбордогу 20га жакын көчөнүн атын өзгөртүүнү жактырды: тизме жана чоо-жайы
Видео: Бишкектеги мушташ боюнча эки адам кармалып, айыпка жыгылды
09.09.2024 | 20:39
Бишкектеги мушташ боюнча эки адам кармалып, айыпка жыгылды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 6-сентябрда “Инстаграмга” шаардагы көчөлөрдүн биринде белгисиз адамдардын мушташып жатканы тартылган видео тараган.
Видеодон көрүнгөндөй, эки адам жеңил унаада отурган кишини, анын унаасын тепкилеп жатканын көрүүгө болот.
Укук коргоо кызматкерлери, видеодогу адамдарды тапкан. Алар 30 жаштагы Н.Б. жана 25 жаштагы А.А. болуп чыккан. Аларга “майда бейбаштык” боюнча протокол түзүлүп, соттун чечими менен 5,5 миң сомдон айып пул салынган.