Бишкек шаарындагы Дордой базарынын аймагындагы контейнерден өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалд министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө саат 20:33тө Свердлов райондук №2 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 20:46да Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 20:48де Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1 бөлүм жана суу ташуучу унаа, жалпы 3 бөлүм, саат 20:48де Штаб, саат 21:00дө ККББнын ППУ менен ыкчам топ тартылган.
«Мындан сырткары саат 21:25те ИИМден 2 экипаж жана тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган. Жеринде кырдаалды көзөмөлдөө үчүн өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары полковник Калыс Ахматов жеринде көзөмөлдөөдө», — деп айтылат билдирүүдө.
Дордой базарынын аймагында жайгашкан дүкөндөн чыккан өрт саат 00:01де чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатканы, кошумча маалымат берилери айтылат.