Военно-Антоновка Кожомкул айылы болот. Өлкөдө бир нече айылдын аталышы өзгөрөт

Военно-Антоновка Кожомкул айылы болот. Өлкөдө бир нече айылдын аталышы өзгөрөт

Жогорку Кеңеш «Кыргызстандын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев айтымында, документке ылайык өлкөдөгү бир нече айылдын жана айыл аймактын аталышы өзгөртүлөт.

Аталышы өзгөртүлө турган айылдар:

— Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Говсувар айылы Орто-Боз, Раззаков шаарынын Чимген айылы Чымкен жана Голбо айылы Алтын-Бешик, Тогуз-Булак айыл аймагынын Маданият айылы Айбике, Кыргызстандын 50 жылдыгы айылы Миң-Жыгач, Чапаев айылы Арча-Бешик,

— Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл аймагынын Дыйкан айылы Чоко-Бий, Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагы Эсеналы Дайракунов айыл аймагы,

— Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагы Рыспай Абдыкадыров айыл аймагы, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Киров айылы Кенжебай,

— Айтматов районунун Аманбаев айыл аймагынын Куру-Маймак айылы Сатыкей, Покровка айыл аймагы Семетей айыл аймагы, Покровка айылы Семетей,

— Кемин районунун Чым-Коргон айыл аймагынын Новомихайловка айылы Бообек, Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагы Кожомкул айыл аймагы, Военно-Антоновка айылы Кожомкул, Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл аймагынын Горная Серафимовка айылы Кебек-Бий айылы деп өзгөртүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>