«Яндекс Кыргызстан» сервистердин инклюзия жана коопсуздук боюнча жаңы стандарттарын тааныштырды
«Яндекс Кыргызстан» компаниясынын өкүлдөрү Бишкекте такси жана жеткирүү сервистерин колдонуучулардын бардык категориялары үчүн адаптациялоого багытталган жаңыланууларды тартуулашты. Компания: «Чектөөлүү мүмкүнчүлүктөр жок, адаптациялоону талап кылган чектөөчү чөйрө бар», — деген принципти карманат.

Негизги жаңылык — тиркемедеги атайын мүмкүнчүлүктөр экраны болду. Колдонуучуларга төрт функция жеткиликтүү: унааны табууга жардам берүү, коштоп жүрүү, майыптар коляскасынын бар экендиги жөнүндө билдирүү жана баарлашуу тилин тандоо. Яндекс компаниясынын эл аралык социалдык долбоорлорунун жетекчиси Мария Тимофееванын айтымында, атайын суроо-талаптардын 95%ы айдоочунун көрүүсү начар жүргүнчүгө унааны табууга жардам берүүсү менен байланыштуу. Бул функцияларды учурда 36 миңден ашык колдонуучу пайдаланып, 350 миңден ашык сапар ишке ашырылган. Айдоочулар үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштөө боюнча атайын окутуулар жана нускамалар каралган.
«Яндекс Кыргызстандын» жетекчиси Тилек Сулайманов коопсуздукка жана өнөктөштөр үчүн түзүлгөн шарттарга өзгөчө көңүл бурду. Сервисте ачык-айкын рейтинг системасы иштейт, ал эми ар бир сапар автоматтык түрдө камсыздандырылат. Жол кырсыгы катталган учурда айдоочу жана жүргүнчү үчүн төлөнүүчү кенемте (компенсация) 800 миң сомго чейин жетиши мүмкүн.
Мындан тышкары, компания социалдык инвестициялар боюнча отчёт берди: акыркы жылдары кайрымдуулук долбоорлоруна 11 млн сом, ал ал эми билим берүү демилгелерине 20 млн сом багытталган.