Билим берүү министрлиги жана ЮНИСЕФ SMART ED долбоору боюнча билим берүүнү өнүктүрүү планын бекитиштиОштун Жибек-Жолу аймагындагы эски мектептер жаңыланып, маданият үйү жана спорт зал курулатКытай жана Өзбекстан менен түзүлгөн келишимден улам айдоочулар жумушсуз калышы мүмкүнАдылбек Касымалиев Euronews башчысы менен жолугушту — эмнелер талкууландыАктивист «Кыргызнефтегаз» ишинде аты аталган компаниялардын миллиондогон кирешелери тууралуу айтып бердиЖогорку Кеңеште Бишкек мэриясынан ысык сууну өчүрүүнү жылдырууну суранышты
Японияда калың кардан ондогон киши көз жумду
26.12.2022 | 23:47
Японияда калың жааган кардын кесепетинен кеминде 17 адам каза болуп, 90дон ашууну жарадар болуп, жүздөгөн үйлөр жарыксыз калды.
Кырсыктан жабыркагандардын көбү тазалоо учурунда чатырдан кулап же калың кардын астында калганын кабарланды.
Япониянын түндүк-чыгышындагы көптөгөн райондордо жылдык орточо жаан-чачындан үч эсе көп жаады.
Хоккайдодогу электр мунарасы кардын астында кулап, 20 миңдей үй жарыксыз калды.
Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, Япониянын түндүгүндө ондогон поезддер жана каттамдар жекшембиге чейин кармалып, бирок андан бери жол кыймылы негизинен калыбына келтирилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар