Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Үч айда 12 пакистандык Кыргызстанда кылмыш кылды
01.05.2023 | 19:30
Үч айда 12 пакистандык Кыргызстанда кылмыш кылды. Бул тууралуу ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында чет элдик жарандар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш чарада маалымат айтылганын Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери өлкө аймагында акыркы үч айда Пакистан Республикасынын жарандарынын үстүнөн 12 кылмыш иши козголгонун маалымдап, алардын ичинен уурулук, алдамчылык боюнча кылмыш иштери басымдуулук кылып жаткандыгын айтышты.
Андан сырткары, баңгизаттарды пайдалануу жана аларды таратуу менен айыпталып кармалган жарандар да бар экенин кошумчалашты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом