Ыр, сүрөт жана башка чыгармаларды күрөөгө коюп насыя берүүнү киргизүү сунушталууда

13.02.2026 | 15:18

Кыргызстанда жаңы каржылык инструментти, материалдык эмес активдерди күрөөгө коюп насыя берүүнү, киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу экономика министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов билдирди.

Анын айтымында, учурда банктар негизинен материалдык активдерди: автоунаа, кыймылсыз мүлк жана башка мүлктөрдү күрөөгө алып насыя беришет. Келечекте күрөө катары чыгармачыл эмгектер: ырлар, сүрөттөр жана китептер кабыл алына турган каржылоо механизмин иштеп чыгуу пландалууда.

Сейитов көптөгөн артисттер менен авторлордун негизги активи алардын чыгармачылыгы экенин, ал туруктуу киреше алып келиши мүмкүн экенин белгиледи. Мисал катары ал Майкл Джексондун жана The Beatles тобунун чыгармаларын келтирип, алар бүгүнкү күнгө чейин укук ээлерине пайда алып келип жатканын айтты.

Бул насыялоонун түрүн чыгармалары жарык көрүп, киреше алып келген жазуучулар жана башка чыгармачыл кесиптин өкүлдөрү да пайдалана алат деп болжолдонууда.

Scroll to Top