Ырчы Кайрат Кыргыз 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу маалыматты ал өзү Reporter.kg’ге тастыктады.
Анын айтымында, жөн гана президенттик шайлоого катышкысы келген.
«Азырынча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бере элекмин», — деди ал.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 13-ноябрдагы маалыматына ылайык, мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого талапкер катары катышуу ниети менен арыз бергендердин саны 24 адамга жеткен.