Нипах вирусу Индиянын Керала штатында күч алганын саламаттыкты сактоо министри Вина Жордж NDTV телеканылынан айтты.
Министр, Кожикадо медициналык коледжинде 38 киши дарыланып, дагы жаңы вируска чалдыккан 8 кишини илим изилдөө борборунда текшерип жатышат. Буга чейин 12 жашар өспүрүм бул вирустан көз жумган. Учурда Керала штаты толугу менен тыкыр текшерүүгө алынганын кошумчалады.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жугуштуу илдет экени такталган. Ал адамдын мээсине доо кетириши ыктымал.