Үстүбүздөгү жылы 18 чакан ГЭС ишке берилери айтылды

Үстүбүздөгү жылы 18 чакан ГЭС ишке берилери айтылды

Кечээ, 19-майда өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин үстүбүздөгү жылдын 4 айдагы ишинин жыйынтыгы боюнча энергетика тармагын өнүктүрүү жана масштабдуу энергодолбоорлорду ишке ашыруу боюнча маалымат берди.

Өкмөт башчы 2025-жылдын 31-мартында эки өлкөнүн энергетикалык системаларын бириктирген “Датка-Сугд” жогорку чыңалуудагы электр линиясын ишке киргенин айткан.

Анын айтымында, бул окуя Кыргызстан менен Тажикстандан Афганистан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоого багытталган трансрегионалдык энергетикалык долбоорду ишке ашыруудагы маанилүү кадам болуп калды.

Ошондой эле өкмөт башчы 2025-жылы жалпы кубаттуулугу 69,8 МВт болгон 18 чакан ГЭСти ишке берүү пландалып жаткандыгын билдирген.

Адылбек Касымалиев мындан тышкары Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушу тууралуу маалымат берген.

“Негизги энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн да белгилеп кетүү маанилүү. Камбар-Ата ГЭС-1нин техникалык-экономикалык негиздемесин актуалдаштыруу жана айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо боюнча документтер соңку этапка жетти. Долбоорду Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан ортосунда биргелешип ишке ашыруу максатында өкмөттөр аралык макулдашууну даярдоо иштери жүрүп жатат. Апрелде Дүйнөлүк банктын тобу жана Эл аралык валюта фондунун “Жазгы жыйындарынын” алкагында Вашингтон шаарында долбоорду илгерилетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Камбар-Ата-ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын ишке берүү жана үстүңкү суу таштоочу курулмасын куруу иштери жүрүп жатат. Жаңы ГЭСтер курулуп жатат: кубаттуулугу 21 МВт Орто-Токой ГЭСи, кубаттуулугу 18 МВт Каракөл ГЭСи, кубаттуулугу 25 МВт Папан ГЭСи”, — деди Адылбек Касымалиев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>