•  +(996) 557 67 66 40
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Ысык-Көл облусуна кирип-чыгуу тартиби айтылды

Ысык-Көл облусуна кирип-чыгуу тартиби кандай болуп жатат? Бул суроого Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров онлайн жыйында билдирди.

“Экономиканын көпчүлүк тармактарындагы иштер жандандырылгандыгына байланыштуу облуска кирүү жана чыгууда чектөөлөр менен тыюу салуулар алынып салынган. Болгону бир гана шарт коюлган, облустан облуска кирген учурда жарандар паспортторун, кайсыл жерге катталгандыгын көрсөтүшөт жана дене табы текшерилет. Облуска кирип жаткан эл аралык жүк ташуучу унаалардын айдоочулары жана аларды коштоп жүргөн жарандар тыкыр текшерүүдөн өтүшөт. Аларды бара турган жерине чейин тиешелүү кызматкерлердин коштоосунда жеткирип, кайра облустан чыгарып коюу шарттары каралып жатат”, – деди  Моңолдоров.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *