Ысык-Көл аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиев каза болду. Бул маалыматты маркумдун жакындары тастыкташты.
Ага ылайык, Сарбагыш Иманалиев бүгүн, 27-июлда эртең менен каза болгон. Ал пневмония дартынан улам көз жумган.
59 жаштагы Сарбагыш Иманалиев Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетин бүтүргөн. Саламаттык сактоо тармагында 36 жылдан бери иштеп келген.