Ысык-Көлдө айдоочу унаасы менен фонтандын үстүнөн учуп өттү. Окуя тууралуу маалымат

Ысык-Көлдө айдоочу унаасы менен фонтандын үстүнөн учуп өттү. Окуя тууралуу маалымат

Ысык-Көл облусундагы «Каприз» эс алуу борборунда Mercedes үлгүсүндөгү автоунаанын  фонтандын үстүнөн учуп өткөндүгү тууралуу видео тасма тарады.

Аталган видео тасма боюнча облустук милициянын басма-сөз кызматы төмөнкүнү билдирет:

Окуя тууралуу кабар 7-июнь күнү саат 06.00 чамасында түшкөн. Окуя болгон жерге барган тергөө топ айдоочунун 21 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну экенин аныктаган.

Айдоочуну суракка алганда ал алдындагы фонтанды көрбөй калып, андан автоунаасын секиртип, өтүп аллеянын четиндеги тосмолорду жана скамейканы сүзүп алганын билдирген.

Айдоочу жол эрежесин бузгандыгы боюнча күнөсүн толугу менен мойнуна алды. Медициналык текшерүү учурунда айдоочу спирт ичимдиктерин ичпегендиги аныкталган.

Бул факты боюнча эреже бузуу милициянын маалымат журналына катталып, автоунаа айып токтомо жайына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>