9-октябрь күнү саат 03:49 чамасында Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү 5,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Түп районунун Талды-Суу, Корумду, Чоң-Таш, Шаты, Түп жана Кең-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.