Ысык-Көл облустук ооруканасынын жалпы педиатрия бөлүмүнүн башчысы Эдил Садыков каза болду.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 62 жаштагы дарыгерден 30-июнь күнү коронавирус аныкталып, ошондон бери ооруканадагы обсервацияда жаткан.