Ысык-Көлдө жеӊил унаа менен комбайн сүзүшүп, эки адам жабыркады

Ысык-Көлдө  жеӊил унаа менен комбайн сүзүшүп, эки адам жабыркады

 

Ысык-Көл облусунда жеӊил автоунаа менен комбайн жол кырсыгына учурап эки адам жабыркады. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Такталгандай, кырсык 19-июль күнү саат 11 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол автожолунда болгон.

«Субару-Легаси» автоунаасы түндүктү көздөй баратып, айдоочу рулга ээ боло албай,  «Енисей» үлгүсүндөгү комбайн менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын 32 жаштагы айдоочусу жана анын 65 жаштагы жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жаткырылган” – деп жазылат маалыматта.

Кырсыктын себептерин тактоо үчүн бул факты жоруктар менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>