Ысык-Көл форелинин чабактары Таластагы сууларга коё берилди

19.04.2025 | 14:28

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти тарабынан салмагы 0,5 граммга жеткен Ысык-Көл форелинин чабактары Талас районундагы Чоң-Чычкан жана Түз-Ашуу сууларына кое берилди.

Аталаган ведомстводон билдиришкендей, чабактар Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан Департаментке караштуу Регионалдык климатташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн (Тоң балык чарбасы) инкубациялык цехинде өстүрүлгөн.

Ал “Альянс Алтын” ЖЧКсынын каржылык колдоосу менен ишке ашты.

Ошондой эле Ысык-Көл көлдү балыктандыруу максатында бекитилген иш-пландын негизинде карп-сазан балыктарынын уруктарын жасалма жол менен өстүрүү иштерин колдоо үчүн Чүй облусунан 2,5 кг ашкан 134 даана карп-сазан балыгын “Альянс Алтын” ЖЧКсынын колдоосу менен Талас облусунун Коомдук мергенчилер жана балыкчылар бирикмеси тарабынан Департаментке өткөрүлүп берилди.

[image_carousel source=”media: 220917,220918,220919,220920,220921″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top