Ысык-Көл мамкаттоонун директоруна иш козголду

Ысык-Көл мамкаттоонун директоруна иш козголду

Ысык-Көл облустук мамлекеттик каттоо кызматынын директору А.Н. кармалды. Ал Ысык-Көлдүн жанындагы аймакта жайгашкан жер тилкесин каттоого опузалап, тартып алгандыгы үчүн кылмышка шектелип жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл мамкаттоонун кызмат адамдары, жеке ишкерлердин бири менен болгон кылмыштуу системасынын далилдери аныкталып, жеке пансионатка ээ болуу үчүн, жабырлануучуга таандык жер тилкесинин жанындагы жерди, кызмат адамдын менчигине каттоого мажбур болушкан.

28-сентябрь күнү  кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (Пара талап кылуу) боюнча кылмышка шектүү катары, Ысык-Көл Мамлекеттик каттоонун директору А.Н., анын кол алдында иштеген К.Н., ошондой эле жеке ишкер У.Б. кармалып КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>