Ысык-Көл районундагы “Каприз” пансионатынан ири суммадагы акча уурдалды. Бул тууралуу маалыматты облустук милициядан тастыкташты.
Маалым болгондой, окуя 17-августка караган түнү болгон. Пансионаттын кызматкерлери эртең менен ачылган сейфти көрүшкөн. Андан болжол менен 500 миң сомдон ашык акча уурдалган.
Милициядан билдиришкендей, учурда видео камералардагы жазуулар алынып, окуянын чоо-жайы териштирилип жатат. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда