Ысык-Көлдө 700 миң долларлык интенсивдүү багбанчылык долбоору ийгиликтүү ишке ашууда

Ысык-Көлдө 700 миң долларлык интенсивдүү багбанчылык долбоору ийгиликтүү ишке ашууда

Ысык-Көлдүн Чет-Байсоорун айылында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен интенсивдүү багбанчылык долбоору ишке ашууда. Бул тууралуу фонддон кабарлашты.

Бул максатта Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 700 миң доллардан ашык каражат бөлгөн.

Биринчи түшүм жыйналып анда 100 тоннадан ашык жемиш алынды.

Долбоордун негизги элементи бул заманбап агротехнологиялар. 

Ага ылайык, 735 метр 88 катарга тамчылатып сугаруу системасы, чыпкалоосу бар төрт сактоочу көлмө, сугат системасы аркылуу суюк жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын жеткирүү системасы ишке кирген.

Даяр продукциялар сыйымдуулугу 1 миң тонналык муздаткыч камераларда сакталып, ички рынокто да, чет өлкөлөрдө да сатылууда.

Долбоор 2022-жылы башталып, 40 туруктуу жумуш оруну түзүлгөн.

Аталган фонддун төрагасы Артем Новиковдун айтымында, мындай демилгелер кайра иштетүү үчүн чийки зат базасын түзүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого мүмкүндүк берет.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>