Өлкө башчы Барскоон-Бедел унаа жолунун курулушун баштоо аземине катышты

Бүгүн, 27-августта, Ысык-Көл облусунда эл аралык маанидеги Барскоон-Бедел унаа жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы Аскат Алагозов билдирди.
Унаа жолдун курулуш баштоо аземине өлкө башчы Садыр Жапаров катышып, аталган жолдун курулушу жана мааниси тууралуу айтып берген.
Өлкө башчынын айтымында, “Бедел” долбоорун ишке ашыруу 2023-жылы өткөн “Кытай – Борбор Азия” саммитинде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушууда макулдашылган. Ошондой эле унаа жол толук бойдон мамлекеттин каражатына салынат.
“Барскоон – Бедел” жолун өз күчүбүзгө таянып, өз каражатыбызга куруп жатканыбызды өзгөчө белгилеп кетейин. Бир дагы кредит алган жокпуз, карыз алган жокпуз. Өзүбүздүн күчүбүз менен куруп жатабыз. Мамлекетибиз өз беделине, экономикасына, мүмкүнчүлүгүнө таянып, мындан башка ири долбоорлорду ишке ашырып жатат”,- деп билдирген Садыр Жапаров.
Өлкө башчынын маалыматында, унаа жолду “Чайна роуд энд бридж корпорэйшн” компаниясы салат. Компания жолду 2029-жылдын сентябрына чейин толук бүтүрүп, транспорт каражаттары үчүн магистралды ачып берет. Ал эми калган иштер 2030-жылдын сентябрына чейин толук аяктап, жол расмий түрдө эксплуатацияга берилет.
“Урматтуу калайык калк, “Бедел” жолунун артыкчылыгы боюнча сандык маалыматтарга токтоло кетейин. Кытайдын Ак-Суу шаарынан Кыргызстанга болгон каттам бир тарапка 500 ашык чакырымга кыскарып, жүк ташуучулар үчүн, кеминде, 12 саат үнөмдөлөт. Эки тараптуу кыймылды эсептегенде айырма 1000 чакырымдан ашып, убакыт 24 саатка чейин кыскарат. Кыргызстан бул жолдун курулушу аркылуу айкын артыкчылыктарга ээ болуп, жаңы шарттарды түзүүгө жетишебиз”,- деп маалымат берген өлкө башчы.