Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Октябрь айында кайсы чыгармалар коюлатКыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюштуБишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз Насыров
УКМК: Жеңиш чокусунда калган альпинисттин жашоонун белгилери байкалган жок
27.08.2025 | 15:45

Бүгүн, 27-августта УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен Жеңиш чокусунда дайынсыз калган россиялык альпинист Наталья Наговицынаны издөө-куткаруу иштери заманбап технологиялар аркылуу жүргүзүлдү.
УКМКнын маалыматына ылайык, учкучсуз учуучу аппараттар жана тепловизорлордун жардамы менен абадан байкоо жүргүзүлгөн. Бирок аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө карабастан алынган кадрларды талдоонун жыйынтыгында жашоонун белгилери аныкталган эмес.
Эске салсак, Наговицына 12-августта Жеңиш чокусуна чыгуу учурунда бутун сындырып, 7200 метр бийиктикте калган. Бир нече жолу куткаруу аракети жасалганы менен татаал рельеф жана аба ырайынын ыңгайсыздыгынан улам эвакуациялоо мүмкүн болгон эмес.
Рубрики: Жаңылыктар