Ысык-Көлдө бажы тармагында жасалма интеллектти колдонуу боюнча эл аралык конференция болуп өттү

04.09.2025 | 12:07

Ысык-Көл облусунун Бает айылында «Бажы тармагында жасалма интеллект» темасындагы II-Эл аралык IT конференциясы өттү. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Иш-чара Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан ЕККУнун жана GIZдин Бишкектеги Программалык кеңселери менен биргеликте уюштурулган.

Ага Азербайжан, Беларус, Венгрия, Вьетнам, Казакстан, Корея Республикасы, Сингапур, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын бажы органдарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Конференция бажы тармагында жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу максатында өттү. Анда ар бир өлкө жасалма интеллекти бажы тармагында колдонуу боюнча өз тажрыйбаларын бөлүшүп, келечекте ишке ашыра турган долбоорлору тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле катышуучулар кадрларды даярдоо, эл аралык кызматташуу, ошондой эле жасалма интелекти ишке ашыруунун ченемдик жана этикалык аспектилерин талкуулашты.

Scroll to Top