25-февралга карата аба ырайыКР Билим берүү министрлиги кыргыз тили окуу китептеринин авторлору арасында кайрадан сынак жарыяладыДамирбек Осмонов Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыЭрлист Акунбеков айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыБакыт Төрөбаев айыл чарба министри кызматынан бошотулдуКаныбек Досмамбетов Кыргызстандын саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулду
Ысык-Көлдө дем алыш күндөрү 25 мас айдоочу кармалды
07.08.2023 | 20:02
Өткөн дем алыш күндөрү Ысык-Көл облусунда эле 25 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, инспекторлор 5-6-августта облустун курорттук аймактарында рейд жүргүзгөн.
“Натыйжада 294 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган. Анын ичинен 25 айдоочу мас абалында болсо, 12 айдоочунун айнектери караңгылатылган. Унаа токтотуучу жайга 33 унаа коюлган”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом