Ысык-Көлдө жааган жамгырдан улам сел суулары турак үйлөрдү каптады

Бүгүн, 15-августка караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында катуу жааган жамгырдан улам сел суулары турак жайларды жана чарбалык аймактарды каптады. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, Тоң районунун Оттук айылында кокту-колоттордон келген сел суулары арыктардан ашып, 12 турак үйдүн короосун, 8 сарайды жана ички чарбалык жолдорду каптаган, ошондой эле 2 турак үйдүн ичине чейин кирген.
Ал эми Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылында кыян суулар 3 турак үйдүн короосун жана ички чарбалык унаа жолдорду каптаган.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 2 турак үйдүн ичиндеги жана турак үйлөрдүн короосундагы суулар толук тазаланган.
Өкүлчүлүк жабыркагандар жок экенин, азыркы маалда кырдаал толук көзөмөлгө алынганын билдирди. Ошондой эле материалдык чыгымдарды аныктоо иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.