Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Ысык-Көлдө өткөн EcoFest марафонунда жаңжал чыкты. Окуянын чоо-жайы
15.08.2025 | 16:41

Ысык-Көлдө өткөн EcoFest марафону учурунда жаңжал чыкты.
Амина Муктун айтымында, ал «Ак илбирстин изи менен» жарышына бир айдан ашык убакыт мурун катталып, уюштуруучулар Бөкөнбаев айылынан Карала-Арча жайлоосуна жеткирип берүүнү убада кылышкан.
Бирок 9-августта старттык комплектин алганы барганда, транспорт жок болуп чыкты. Уюштуруучуларга айтса, орой жооп алып, талаш-тартыш чыккан. Амина номерлерден баш тартып, полиция чакырылган.
10-августта ал стартка барганда, уюштуруучулар аны дисквалификация кылышканын айтышкан. Ошого карабай, Амина «өз жеринде чуркаганга эч ким тыюу салбайт» деп 10 чакырым аралыкты чуркап бүтүргөн.
Окуянын чоо-жайын уюштуруучулар болсо башкача түшүндүрөт. Туристтик агенттиктин жетекчиси Таалайбек Мамбеталиевдин айтымында, Амина өзүн агрессивдүү алып жүрүп, башка катышуучуларга терс маанай жараткан. Ошондуктан калыстар аны жарыштан четтеткен.
Окуянын видеосу соцтармактарга тарап, интернетте кызуу талкуу башталды. Кимиси туура, кимиси күнөөлүү экенин азыр интернет колдонуучулар талашып жатат.
Спорттук фестиваль спорт тууралуу эмес, эрежелер, сый-урмат жана кадыр-барк тууралуу талашка айланып кетти.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт