Ысык-Көлдө Тоң райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери кой уурдап бара жаткан жаранды кармады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 3-мартта Тоң райондук ЖКККБ кызматкерлерине Көңдөй тилкесинен короодон эки кой уурдалгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
«Кызматкерлер болжол менен саат 20:30да Subaru Forester унаасын токтотуп текшергенде, 23 жаштагы О.Р. аттуу айдоочу унаасынын жүк салган бөлүгүнө эки баш кой салып, уурдап бара жаткандыгы аныкталган», — деп айтылат маалыматта.
Кылмышка шектүү катары кармалган айдоочу менен унаадагы жүргүнчү Тоң райондук милициясына жеткирилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз