Ысык-Көлдө майыптыгы бар кызды уурдап кетип, зордукташкан

Ысык-Көлдө майыптыгы бар кызды уурдап кетип, зордукташкан

Ысык-Көл облусунда эки киши майыптыгы бар кызды уурдап кетип, зордуктаган. Бул тууралуу кыздын туугандары социалдык тармактарда билдирди.

Алардын айтымында, кыздын II топтогу майыптыгы бар. Кулагы 20% угат, бирок сүйлөбөйт.

Сурак учурунда жабыркаган кыз билдиргендей, 29-июлда эки киши аны Караколдогу базардан таксиге салып Ак-Суу айылына алып кеткен. Ошол түнү эркектердин бирөө аны зордуктап, телефонун алып, ыргытып жиберген. Эртеси күнү сарайга алып барып, кезектешип зордуктаган.

«Сиңдибизди үч күн зордуктап, сабап, сарайда камап отурушкан. Мал кайтартып, тамак жасатып коюшкан. Ал баш мээси чайкалып, буту сынган, денесинде соо жери жок. Биз сиңдибизди өзүбүз Токтоян жайлоосунан таптык», — деп билдиришти алар.

Кыздын туугандары милиция бир адамды эле кармап, башкы шектүүнү кармабаганына, кылмыш иши бир эле берене боюнча козголгонуна нааразы. Алар шектүүлөргө адам уурдоо, ден соолукка оор залал келтирүү, кулчулукка алуу беренелери боюнча кылмыш иши ачылыш керектигин билдирүүдө.

Милициянын маалыматы боюнча, аталган факт боюнча «зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук медициналык-экспертизалар дайындалган.

Шектүү катары 31 жаштагы А.Н. аттуу жаран кармалып, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Бүгүн анын бөгөт чарасы каралат.

Экинчи шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал Түп районунун Токтоян айылынын 34 жаштагы Б.Н. аттуу тургуну экени аныкталган. Милиция билдиргендей, ал бүгүн тергөө кызматына жеткирилип, суракка алынууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>