Ысык-Көлдө «сары кыздын тою» башталды 

Ысык-Көлдө «сары кыздын тою» башталды 

Ысык-Көлдүн күнгөй жээгинде «сары кыздын» тою башталды.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, быйыл өрүктун баасы 35 сомдон башталды. Былтыр 1 килограмм өрүк 70 сомдон сатылган.

“Тосор айылына кечээ эле өрүк жыйнаган жүк ташыган унаалар келди. Жаңыдан эле терип, өткөрө баштадык. Былтыр өрүктүн килограммын 70 сомдон өткөрсөк, быйыл баасы эки эсе арзан”, — дешти тургундар.

Өрүк негизинен Тосор, Тамга, Барскоон, Чоң-Жаргылчак, Кичи-Жаргылчак, Ак-Терек жана Жеңиш айылдарында көп өстүрүлөт.

Дыйкандардын алды 10 гектар жерге өрүктүн түрүн эгишет.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ысык-Көл

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>