Бөлтүрүктүн жогорку айлыгы жана кайра кайтуу маселеси. Жогорку Кеңеш депутаттарынын пикириТИМ: Кытайда чет өлкөлүктөрдү онлайн каттоо системасы ишке кирүүдөӨкмөт башчы Адылбек Касымалиев Казакстанга иш сапары менен барат25-мартка карата аба ырайыКыргызстан менен Алтай байланыштарын чыңдоодо: маданий алмашуудан баштап ветеринардык кадрларды даярдоого чейинБыйыл Эгемендүүлүк күнү Талас облусунда белгиленет
Ысык-Көлдө унаа сүзүп кеткен автоинспектор дагы эле комада
20.08.2024 | 12:49
Ысык-Көлдө унаа сүзүп кеткен автоинспектор Элистан Арзыбеков Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө, комада жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Анын абалы оор, башынан бир нече жаракат алган. Министрликтин билдирүүсүндө бейтап керектүү дары-дармектерди алууда.
Бүгүн анын ахыбалы менен министр Алымкадыр Бейшеналиев таанышты. Элистан Арзыбековго МРТ жасоо пландалууда.
Эскерте кетсек, автоинспекторду 15-августта Чолпон-Атада унаа сүзүп кеткен. Кесиптештеринин жана жакындарынын кайрылуусунан кийин ал Бишкектеги ооруканага которулган.
Ысык-Көлдө унаа сүзүп кеткен инспекторду Бишкекке алып келишти
Рубрики: Жаңылыктар, Коом