Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылынын тургундарынын үйлөрүнөн мыйзамсыз кармалып турган 7 бүркүт табылды. Бул тууралуу жаратылыш коргоо боюнча NABU Кыргызстан коомдук уюму билдирди.
Маалыматка ылайык, бүркүттөрдүн төртөө жапайы жаратылышка коё берилди, ал эми үчөө аталган уюмдун камкордугуна алынды. Башкача айтканда, канаттуулар уюмдун Кемин районундагы жапайы жаныбарларды кайра калыбына келтирүүчү “Суулуу-Терек” реабилитациялык борборуна алынып келди. Алардын бири бүркүттүн эки айлык балапаны болсо, калган экөө уча албаган жамансары жана анын балапаны болгон.
Ал эми коё берилген канаттуулар боюнча төрт протокол түзүлүп, аларды мыйзамсыз кармап тургандарга айыппул салынган.
Бүркүттөр NABU Кыргызстан уюмунун “Барс” тобунун кызматкерлери менен Жаратылыш Министрлигинин өкүлү Айбек Букараев биргеликте өткөргон рейддин жыйынтыгында табылган.