Ысык-Көлдөгү «Колумб» пансионаты мамлекетке өттү

Ысык-Көлдөгү «Колумб» пансионаты мамлекетке өттү

Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан «Колумб» пансионаты мамлекетке өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, «Ак-Тилек» мамлекеттик ишканасынын курулушу бүтпөгөн дарылоо-ден соолукту чыңдоо мекемесинин имараты жалпы аянты 8 га жакын жер тилкеси менен кошо жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылганы аныкталган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө 1998-жылы «Кыргызтемир» ААКнын жооптуу адамдары материалдык пайда табуу максатында аталган объектини жеке менчикке өткөрүп берүү боюнча коррупциялык схеманы уюштурушкандыгы тастыкталган.

«Тактап айтканда, темир жол тармагынын кызматкерлери үчүн дарылоо-ден соолукту чыңдоо мекемесин куруу жана өркүндөтүү боюнча жасалма долбоордун негизинде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду менен мыйзамсыз алып-сатуу келишими түзүлүп, бүтпөй калган имарат жана ага тиешелүү болгон жер тилкелери мамлекеттин менчигинен чыгарылган. Кийинчерээк 2,3 га аянтка «Колумб» пансионаты курулуп, жерлердин калган бөлүгү жеке менчикке сатылып кеткен»,- деп айтылат маалыматта.

Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында «Колумб» пансионатынын ээси пансионат жайгашкан жерлерге ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын таанып, пансионатты 2,3 гектар жери менен мамлекетке ыктыярдуу түрдө өткөрүп берген.

УКМК учурда жалпы аянты 5 гектардан ашык аймактын калган бөлүгүн кайтарып алуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>