Ысык-Көлдүн экосистемасын туруктуу өнүктүрүү концепциясынын долбоору коомдук талкууга коюлду

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин “2030-жылга чейин «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө” токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Токтом долбоору Жаратылыш ресурстары, экология жана техниклаык көзөмөл министрлиги тарабынан иштелип чыккан.
Аталган концепциянын максаты – Ысык-Көл көлүн сактоо жана Ысык-Көл биосфералык зонасын техногендик жана табигый факторлордун айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирлеринен коргоо, ошол эле учурда региондун туруктуу экономикалык өнүгүүсүн жана калктын жашоо сапатын жогорулатууну камсыз кылуу болуп саналат.
Концепцияда суу ресурстарын коргоо жана жээкти бекемдөө, булгануу деңгээлин төмөндөтүү жана булганган аймактарды калыбына келтирүү, ошондой эле экологиялык чектөөлөрдү эске алуу менен аймактын курорттук-рекреациялык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү каралган.